Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Яроваянын “антитерордук мыйзамына” каршы кол топтолууда


Мамдуманын депутаты Ирина Яровая
Мамдуманын депутаты Ирина Яровая

“Орусиялык коомдук демилге” сайтында Мамдуманын депутаты Ирина Яровая менен Федерация кеңешинин мүчөсү Виктор Озеров даярдаган “антитеррордук мыйзамдарды" жокко чыгарууну талап кылган петиция пайда болду. Бул тууралуу Slon агенттиги жазды.

Кайрылуунун авторлору бул мыйзам өтө көп каражат талап кыларын жана бир топ интернет компаниялардын банкрот болушуна алып келип, алардан мамлекет алган киреше да төмөндөп кетерин жазышты.

Жума күнү петицияда болжол менен 6 миңдей кол топтолгон. Эгер бир жыл ичинде петицияга 100 миң адам кол койсо, федералдык бийликтер расмий түрдө аны кароого милдеттүү.

“Тероризмге каршы” мыйзамдардын топтомуна 7-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон. Ага ылайык массалык башаламандыктарга катышууга ниети барларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралаган. Ошондой эле жаңы мыйзамга ылайык, уюлдук операторлор өз кардарларынын бардык телефондук сүйлөшүүлөрүн жаздырып, сактап коюшу зарыл.

Бул мыйзамга кол коюлгуча эле уюлдук оперторлор анда жазылгандарды ишке ашыруу үчүн бир нече триллион доллар керектигин айтып, эгер документ кабыл алынса уюлдук сүйлөшүүлөргө болгон тарифтер 2-3 эсе өсүшү мүмкүндүгүн белгилешкен.

XS
SM
MD
LG