Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Австралияда парламенттик шайлоо өтүүдө


Австралиянын премьер-министри Малколм Тернбулл өзү жетектеген Либералдык партия бүгүнкү парламенттик шайлоодо жеңип чыгып, экинчи үч жылдык мөөнөткө шайланганын жарыялады. Бул тууралуу ал оппозициядагы Лейбористтик партия жеңилгенин моюнуна алгандан кийин билдирип чыкты. Айтымында, утулуп калган партиянын лидери өзү чалып куттуктады:

- Шортен мырза тил табышып иштеп кетүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтып чалды. Мен бул демилгени колдойм. Парламентте биргелешип иштөөбүз маанилүү экенин билем, - деди Тернбулл.

Азырынча добуштар толук саналып бүтө элек. Парламенттеги консервативдик коалицияны башкарган Либералдык партия көпчүлүктү түзүү үчүн 150 орундун 76сын ээлеши керек. (RK)

XS
SM
MD
LG