Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Прокуратура Аскаровду бошотууга каршы чыкты


Мамлекеттик айыптоо Азимжан Аскаровдун бошотулушуна каршы. Ушул тапта Жогорку Сотто өтүп жаткан жараянда прокурорлор чогулган далилдерди эске алуу менен Аскаровдун жазык ишин кайрадан кароого эч кандай негиз жок болгонун, бирок БУУнун чечиминин негизинде Жогорку Сот өз ыйгарым укуктарынын негизинде кароону чечкенин айтып, аны камактан бошотуу өтүнүчүн канааттандырбоону суранды.

Прокурорлор Аскаровдун кыйноого кабылганы тууралуу маалымат далилденбегенин, бул боюнча соттук медициналык экспертиза жыйынтыгы бар экенин жана Аскаров өзү да муну тастыктаганын белгилешти.

Кечээ Жогорку Сотто Качыке Эсенкановдун төрагалыгы менен судьялар Лепес Темирбеков, Каныбек Бокоев 2010-жылдын Июнь окуясына айыптуу деп өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган Аскаровдун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу карай баштады. Буга чейин аталган инстанция райондук жана облустук соттордун өкүмүн күчүндө калтырган.

Быйыл жазында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровдун ишин кайра кароону Кыргызстанга сунуштаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG