Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

ТИМ: Меркель менен жолугушууларда сириялык качкындар маселеси талкууланбайт


Германия канцлери Ангела Меркелдин Бишкектеги сапарынын күн тартибинде сириялык качкындар боюнча маселе жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ангела Меркель эки күндүк расмий сапар менен Бишкекке бүгүн кечинде келет.

Буга чейин айрым массалык маалымат каражаттары Меркель кыргыз бийлиги менен сириялык качкындар үчүн Кыргызстанда фильтрациялык лагерь ачуу тууралуу сүйлөшөрүн жазып чыккан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG