Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:03

Меркел: Германия Кыргызстандагы демократияны колдойт


2010-жылы парламенттик демократия жолун тандап алган Кыргызстан колдоого муктаж. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуудан кийин Германия канцлери Ангела Меркел билдирди.

"Биз Кыргызстандын тандоосун урматтайбыз. Өлкө колдоого муктаж" деген Меркел демократияны өнүктүрүү, бекемдөө жаатында буга чейин аткарылып келген иштер улантыларын билдирди.

Ал ошондой эле калк үчүн экономикалык өнүгүү маанилүү экенин баса белгилеп, Германияда окуп жаткан студенттердин санын көбөйтүү, эки өлкө ортосундагы туризм жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгын да кошумчалады. (RK)

XS
SM
MD
LG