Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Франция коопсуздук үчүн ыктыярчыларды топтоодо


Ницца
Ницца

Франция бийлиги өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ыктыярчыларды күч түзүмдөрүнө көмөк көрсөтүүгө чакырды. Ички иштер министри Бернар Казнёв аскердик даярдыгына карабастан каалоочулардын баары каттоого алынарын билдирди.

14-июлда курорттук Ницца шаарында жасалган теракттан кийин өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн бойдон калууда. Бастилиянын алынышын майрамдап жаткан учурда оор жүк ташуучу унаа айдаган адам аянтта тургандарды тебелеп, 80ден ашуунун өлтүргөн. Дагы 200дөй адам жараат алган. Бул кол салууну өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топ алганы белгилүү болду.

Франция бийлиги 12 миң ыктыярчы чогултууну көздөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG