Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

АКШ: кол салуудан үч полиция каза тапты


Полиция кызматкерлери Далласта курман болгон кесиптештерин эскерүүдө.
Полиция кызматкерлери Далласта курман болгон кесиптештерин эскерүүдө.

АКШнын Луизиана штатында жайгашкан Батон-Руж шаарында 17-июлдагы ок атуудан үч полиция кызматкери набыт болду. Дагы бир нечеси ар кандай жараат алды. Кол салгандардын бири өлтүрүлдү. Ал 29 жаштагы афроамерикалык Гэвин Лонг экени жана 2005-2010-жылдарда Иракта аскердик милдетин өтөп келгени айтылууда. Тергөөнүн божомолу боюнча, ал ынды караларга болгон мамиле үчүн полициядан өч алууну көздөгөн.

Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери атылган мылтыктын үнүн угуп келишип, өздөрү буктурмага кабылган. 5-июль күнү Батон-Ружда полициячы 37 жаштагы афроамерикалык Алтон Стерлингди атып салган, ал эми 6-июлда Миннесота штатынын Сан-Пол шаарында кайгуул кызматкери 32 жаштагы ынды кара Филандо Кастиле аттуу айдоочуга ок чыгарып, ал каза тапкан болчу.

АКШнын көптөгөн шаарларында полициянын афроамерикалыктарга жасаган мамилесине каршы жапырт демонстрацииялар башталган. Бул өңүттөгү жүрүштөрдүн биринде, 7-июлда Далласта ооган согушунун ардагери беш полициячыны атып өлтүргөн. Жетөө жарадар болгон эле.

XS
SM
MD
LG