Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Эрдоган: Түркия өлүм жазасына кайтышы мүмкүн


Түркия, курман болгондорду эскерүү.
Түркия, курман болгондорду эскерүү.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган ѳлүм жазасы кайра киргизилиши мүмкүн экендигин четке какпайт. Ал 17-июлда бул маселени оппозиция менен талкуулай турганын билдирди. 2004-жылы Түркия Евробиримдикке кошулууга жигердүү аракеттене баштаганда ѳлүм жазасы алынган эле.

Стамбулда мамлекеттик тѳңкѳрүш жасоого аракеттенгендерди ѳлүм жазасына тартуу керек деген чакырыктар айтылгандан кийин президент элдин талабын кѳз жаздымда калтыруу болбойт деп жарыялады.

Жекшембиде Стамбулдагы Сабиха Гөкчен аба майданында жана Конья борбордук аймагындагы аба күчтѳрүнүн базасында козголоңчулар менен коопсуздук күчтѳрүнүн ортосунда ок атышуулар болду.

Мамлекеттик тѳңкѳрүш жасоого шектелгендерди кармоо операциясында 6 миңден ашуун аскер жана судьялар кармалды.

Акыркы расмий маалыматка ылайык, ишке ашпай калган мамлекеттик тѳңкѳрүштѳ каза тапкандардын саны 290го жетти. Жараат алгандар 1400дүн тегерегинде. Өлгөндөрдүн 100дөн ашууну жок кылынган козголоңчулар экенин расмий бийлик кабарлады.

16-июлга караган түнү Түркияда айрым аскер жетекчилеринин буйругу менен мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, ишке ашкан жок. Учурда окуя болгон Анкара менен Стамбулда жашоо акырындап өз нугуна түштү. Бийлик төңкөрүш аракетине өзүнүн каршылашы, бозгундагы диниятчы, учурда АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Бирок ал мындай айып негизсиз экенин айтып, төңкөрүштү бийлик атайлап уюштурган болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG