Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:31

Malaysia Airlines курман болгондордун жакындарына кенемте төлөп берет


2014-жылдын 17-июлунда атып түшүрүлгөн "Боинг" учагынын сыныктары.
2014-жылдын 17-июлунда атып түшүрүлгөн "Боинг" учагынын сыныктары.

Эки жыл мурун Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн MH17 рейсинде курман болгон жүргүнчүлөрдүн жакындарына Malaysia Airlines авиакомпаниясы кенемте төлөп берет. Бул кабарды голландиялык NOS телеканалы билдирди.

Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргогон жактоочу келишим макулдашылды деп билдирди NOS телеканалы. Бирок келишимдин чоо-жайы ачык айтылбайт.

Эл аралык укук боюнча учактын кулоосуна кандай себеп болбосун, Malaysia Airlines курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 130 миң еврого чейин кенемте төлөп берүүгө милдеттүү. Ал эми сумманын көлөмү ар бир жүргүнчү үчүн өзүнчө макулдашылат.

Аталган компаниянын "Боинг" учагы 2014-жылдын 17-июлунда Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан жолдо атып түшүрүлүп, анда бараткандардын баары - 298 киши курман болгон. Алардын көпчүлүгү Нидерланддын тургундары. Голландиялык тергөөчүлөр учак кайсы жерден атылганын, ага кимдер жооптуу экенин аныктап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG