Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Ереванда барымтага алынган имараттан үчүнчү туткун кое берилди


Барымтага алынган полиция имаратына оор аскердик техникалар тартылып келинди.
Барымтага алынган полиция имаратына оор аскердик техникалар тартылып келинди.

"Негиздөөчү парламент" деп аталган кыймылдын мүчөлөрү барымтага алган полициянын имаратынан үчүнчү туткун кое берилди. Бул тууралуу Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы маалымдады.

Ошол эле учурда коопсуздук кызмат "мындай үмүт жараткан кадамдар окуянын ийгиликтүү аякташына кепилдик бербейт" деп билдирди.

Полиция имаратына жасаган чабуул учурунда полициянын полковниги каза таап, дагы төрт кызматкер түрдүү жараат алышкан.

Ошентип азыр согушкерлердин туткунунда дагы үч адам калууда. Алардын экөө Армениянын полиция башчысынын орун басары Вартан Егиазарян жана Еревандын полиция башчысынын орун басары Валерий Осипян.

"Негиздөөчү парламенттин" мүчөлөрү оппозиция өкүлү Жирайр Сефиляндын бошотуусун талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG