Огайо штатынын Кливленд шаарында АКШнын Республикалык партиясынын курултайы башталды. Ал жакта ишкер миллиардер Дональд Трамп 8-ноябрда өтүүчү АКШдагы шайлоого расмий түрдө партиянын атынан президенттикке талапкер катары бекитилери күтүлүүдө.
Трамп өзүнүн жыйынтыктоочу сөзүн элдин алдына 21-июль күнү чыгып сүйлөйт.
Кливленддин полиция башчысы курултай өтө турган стадиондун жанында нааразылык акциялары өтө турганын, ага байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн кабарлады.
Мексика менен АКШнын ортосуна дубал тургузуу керек, мусулмандардын өлкөгө болгон агымына катуу чектөөлөрдү коюш керек деген сыяктуу Трамптын билдирүүлөрү коомдо кызуу талкуу жаратып келген.
Ал эми Демократиялык партиянын курултайы кийинки жумада Филадельфияда өтмөкчү. Анда аталган партия президенттик шайлоого өзүнүн талапкерин, АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонду бекитет.