Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

"Айкөл Манас” он томдугу экстремисттик деп таанылды


Бүбү Мариям Муса кызы жазган Жайсаң Үмөт уулунун "Айкөл Манас” аттуу чыгармасы Жумгал райондук соту тарабынан экстремисттик деп таанылды. Бул тууралуу Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Барктабас Белеков “Азаттык” радиосуна билдирди.

Аталган чыгарма Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, кыргыз элинин улуттук кадыр-баркын кемсинтүү, тарыхый фактыларды бурмалоо жана диний, улут аралык касташууну тутандырышы мүмкүн деп көрсөтүлгөн.

Башкы прокуратура сотко китепти экстремисттик деп таанууга доо арыз менен кайрылган. Анын негизинде курамы жети адамдан турган комиссия дайындалып, китеп филологиялык экспертизадан өткөн.

Буга нааразы болгон Бүбү Мариям Муса кызынын тарапташтары аппеляциялык арыз менен Нарын облустук сотуна кайрылышты.

Буга чейин адабиятчы илимпоздор, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү Бүбү Мариям аркылуу Жайсаң Үмөт уулунун арбагынан келди делген 10 томдук “Айкөл Манас” чыгармасынын тегерегинде талашып келишкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG