Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:08

Украинанын башкы прокурору: журналист Шеремет атайлап өлтүрүлгөн


Журналист Шеремет айдаган унаа жарылуудан кийин. Киев, 20-июль, 2016-жыл.
Журналист Шеремет айдаган унаа жарылуудан кийин. Киев, 20-июль, 2016-жыл.

Таанымал журналист Павел Шеремет айдап бара жаткан унаа Киев убактысы боюнча бүгүн эртең менен 7:45те жарылды. Журналист бул учурда ишке бара жаткан кез болчу.

Украин президенти Петро Порошенко “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу күч түзүмдөрүнө бул кылмышты тезинен иликтөөнү буюрганын, күнөлүүлөр жазалануусу керектигин билдирди.

Өлкөнүн башкы прокурору Юрий Луценко Шереметтин өлүмүн “өлтүрүү” деп атап, жардыруучу зат анын унаасына коюлганын, бардык далилдер журналистке кол салуу жасалганын көргөзүп жатканын ырастады.

Теги боюнча беларусиялык Павел Шеремет акыркы беш жылдан бери Киевде “Украинская правда” интернет сайты жана “Радио Вестинин “ журналисти катары иштеп жаткан. 44 жаштагы Шеремет орусиялык жана беларусиялык медиа менен да кызматташчу.

"Украинская правда” интернет сайтынын башкы редактору Севгил Мусаева-Боровиктин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Шереметтин өлүмү анын кесиптик ишмердиги менен тикелей байланыштуу.

44 жаштагы Павел Шеремет 1999-жылы Журналисттерди коргоо комитетинин жана 2002-жылы ЕККУнун кадыр-барктуу сыйлыктарына арзыган.

XS
SM
MD
LG