Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Курулушта эки адамдын өмүрүн алган кырсыкты милиция иликтөөдө


Бишкектин чет жагындагы көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан кулаган эки курулушчунун набыт болушун Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы иликтей баштады. Кырсыкка байланыштуу материалдар чогулган соң кылмыш иши ачыларын облустук милициядан “Азаттык” радиосуна билдиришти. Иликтөө иштерине байланыштуу азырынча аталган курулушту кайсыл фирма жүргүзүп жатканы ачык айтыла элек.

Бүгүн Алма-Ата жана Түштүк Магистраль көчөлөрү кесилишкен жерде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн үстүнөн үч адам кулап кеткен. “Тез жардам” кызматы тараткан кабарга ылайык, 17-18 жаштардагы эки улан окуя болгон жерде каза табышкан. 29 жаштагы жаран баш мээсинен катуу жараланып ооруканага түшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG