Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Иран парламентинин төрагасы өзөктүк келишим боюнча АКШны сындады


Али Ларижани.
Али Ларижани.

Иранда катаал турумду карманган саясатчы катары таанымал Али Ларижанинин бүгүнкү сөздөрүнө караганда, америкалык расмий өкүлдөр өзөктүк программа боюнча былтыркы маанилүү келишимдин шарттарын аткара албай, Тегеран менен Вашингтонду карама-каршылыкка түртүүдө.

"Иран парламенти чоң өкүнүч менен АКШ администрациясын, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасын, Сенатты өзөктүк келишимди жокко чыгаруу боюнча аракеттер Иранга каршылык көрсөтүүдөн башка жолду калтырбаган чекке жеткенин эскертет”, - деди Али Ларижани шаршемби күнкү сөзүндө.

Анын ырастоосунда, Ирандын өзөктүк программасын чектөөнү караган келишимге кол коюлгандан бери АКШнын Конгресси Тегеранга байланыштуу 52 мыйзам жана санкцияларды кабыл алды.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча узак сүйлөшүүлөрдөн кийин дүйнөнүн алты ири өлкөсү жана Тегеран ортосундагы келишим жетишилгенине 14-июлда бир жыл толду. (UE)

XS
SM
MD
LG