Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Түркияда 99 генералга расмий айып коюлду


Аскерий төңкөрүш аракетине катышы бар деп шектелгендер сотко алынып келинген учур. Стамбул, 20-июль, 2016-жыл.
Аскерий төңкөрүш аракетине катышы бар деп шектелгендер сотко алынып келинген учур. Стамбул, 20-июль, 2016-жыл.

Алар өткөн аптадагы аскерий төңкөрүш аракетине катышы бар деп шектелгендер. Расмий айып коюлган 99 генерал Түркиянын аскерий жетекчилигинин үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Ал эми 15-июлдан 16-июлга караган түнкү аскерий төңкөрүш аракетинен соң кармалган же иштен четтетилген аскерлер, полицейлер, соттор, мамлекеттик кызматкерлер, окутуучулардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата 50 миңге жетип калды.

Расмий Анкара төңкөрүш аракетинин артында турган адам катары АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптап, Вашингтонду аны өткөрүп берүүгө чакырып жатат. Гүлен Анкаранын айыптоолорун четке каккан.

Мамлекеттик катчы Жон Керринин мурдараак билдиргенине караганда, АКШ Түркиянын Гүленди кайтарып берүү боюнча өтүнүчүн карайт, бирок бул ишке ашуусу үчүн айныксыз далилдер керек жана маселени акыр- аягында сот чечет. (UE)

XS
SM
MD
LG