Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

Трамп НАТО өлкөлөрүн АКШ алдындагы милдеттерине көңүл бурууга чакырды


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Республикачыл партиянын атынан АКШнын президенттигине талапкерлигин коюп жаткан Дональд Трамп "президент болуп калсам Орусия Балтика өлкөлөрүнө кирип келсе, жардамга барууга шашылбайм" деп билдирди New York Times гезитине берген маегинде.

Орусия кол салган учурда Балтика өлкөлөрү оболу АКШнын алдында "өз милдеттерин" канчалык деңгээлде так аткарып атканынан кабар алып, андан кийин гана аларга жардам берүү маселесин карарын айтты.

Трамп ошондой эле НАТОго мүчө болгон өлкөлөр уюмга аз салым кошуп атканын, ал эми Вашингтон НАТОнун чыгымдарынын басымдуу бөлүгүн көтөрүп атканын эскертти.

НАТО келишиминин 5-беренесине ылайык уюмга мүчө болгон бир өлкөгө душман басып кирсе ал келишимге кол койгон бардык өлкөлөргө кол салуу катары кабылданат да, өнөктөштөрүн сөзсүз түрдө жардамга келүүгө милдеттендирет.

XS
SM
MD
LG