Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:39

Трамп: биздин ураан глобализм эмес, американизм


АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп.
АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп.

Бейшембиде кечинде Кливлендде өткөн Республикачылар партиясынын жыйынында Дональд Трамп расмий түрдө АКШ президентигине талапкер катары аттанды.

Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Трамп Американын кызыкчылыгын баарынан өйдө коюп, сырткы жана ички душмандардан коргоруна басым жасады.

“Американы биринчи орунга койбогон саясатчылар бийликте турганда, өлкөбүздү башкалар да сыйлашпайт. Мен президент болгондо биздин өлкө дуушар болуп жаткан кемсинтүүлөр токтойт. Биздин ураан глобализм эмес, американизм болот”, - деди Трамп.

Дональд Трамп АКШнын Европа, Латын Америка жана Азия өлкөлөрү менен болгон тышкы соода келишимдерин кайра карап чыгуу убадасын дагы бир ирет кайталады. Ал ошондой эле мыйзамсыз иммграцияга чекит коерун, түштүк чек арада дубал көтөртүп, иммиграциялык системаны реформалоого даяр экенин айтты.

Ал сөзүн “Мен өз баласынын бактысын ойлогон ар бир ата-энеге кайрылам, мен өз келечегин ойлогон жаштарга кайрылам: мен силер менен, мен силер үчүн күрөшөм жана силер үйүн жеңип чыгам” - деген сөздөр менен жыйынтыктады.

Буга чейин делегаттардын курултайында ал көпчүлүк добуш менен аталган партиядан талапкер катары тандалып алынган. Трампка мурдагы мамлекеттик катчы, Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон негизги атаандаш болууда. Демократтар талапкерин кийинки жумада тандайт.

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG