Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

“Росавиация” Түркияга учууга салынган тыюуну алып салды


Орусиянын Аба транспорту федералдык агенттиги 22-июлдан тарта Түркияга учууларды аткарууга уруксат берди. Бул тууралуу “Интерфакс” кабарлады. Маалыматка караганда, Анкара Түркия аэропортторунда орусиялыктардын коопсуздугун камсыздоого кепилдик берилген соң Москва ушундай чечим кабыл алган.

“Аэрофлот” ишканасынын расмий сайтында Стамбул жана Анталияга билеттер сатыла баштаганы тууралуу кабарланды.

Түркияда 16-июлда бийликти басып алуу аракеттерине байланыштуу башаламандыктан улам Орусия түрк шаарларына учууларды токтоткон болчу.

XS
SM
MD
LG