Жалпы берилген насыянын көлөмү 85 млн сомду түздү. Мунун ичинен Ош шаарындагы 19 кишиге 21 млн сом, Жалал-Абад облусундагы 18 кишиге 13 млн сом, Бишкектеги 15 кишиге 22 млн, Ысык-Көл облусунда 15 кишиге 11,2 млн сомдук ипотекалык насыя берилген. Бул тууралуу мамлекеттик ипотека компаниясынын башчысы Бактыбек Шамкеев билдирди.
Анын айтымында, учурда мамлекеттен ипотекалык насыя алуунун шарттарын жеңилдетүү сунушу берилүүдө.
Мамлекеттик ипотекалык насыялар быйыл 25-марттан тарта бериле баштаган. Учурда ал “Айыл банк”, РСК Банк жана дагы беш коммерциялык банк аркылуу каржыланууда. (ZKo)