Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Кара-Кулжада жер көчтү


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Оштун Кара-Кулжа районундагы Буйга айылында жер көчтү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, көчкөн жердин аянты 2500 чарчы метрди түзөт. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жеринен таанышып, тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Жер көчкү коркунучу бар аймак менен айылдын мектебинин имаратынын аралыгы болжол менен 200-250 метрди түзөт.

Жер көчкү басуу коркунучу бар турак-жайлар жана социалдык имараттарга көзөмөл жүргүзүлүп келатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG