Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Бишкекте турак жайга муктаждар митингге чыкты


Бишкектеги Максим Горький багында турак-жайга муктаж адамдар митингге чыгышты. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, акцияга чыккандар бийликтен жеткиликтүү жай менен камсыз кылуу талабын айтышты. Акцияга чыккандардын саны 500гө жакын экени айтылууда. Акциянын уюштуруучуларынын бири турак жай кооперативдеринин коалициясы деп аталган уюмдун башчысы Нурлан Асановду милиция кармап кеткенин кабарлашты.

Буга чейин аталган уюм бир нече маалымат жыйынын өткөрүп, мамлекет арзан турак жай менен камсыз кылууну суранып келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG