Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Азербайжандын Конституциялык соту президенттик мөөнөттү узартууну колдоду


Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана анын жубайы Мехрибан Алиева
Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана анын жубайы Мехрибан Алиева

Конституцияга киргизиле турган жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, президенттик кызматтын мөөнөтү беш жылдан жети жылга узартылат. Конституциялык сот 25-июлда чыгарган чечимде Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүү керектиги белгиленген. Илхам Алиев 2003-жылдан бери бийликте. Анын үчүнчү президенттик мөөнөтү 2018-жылы аягына чыгат. Бирок 2009-жылы референдумда президенттик мөөнөттү чектөө алынып салынган. Илхам Алиев өмүр бою шайланууга укук алган.

Президенттик мөөнөттү жети жылга узартууну сынга алгандар ал демократияга каршы келет деп, муну Алиевди түбөлүк бийликте калтыруу аракети катары баалашууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG