Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

Текебаев Бишкекти жаңылоо боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алды


Бишкек.
Бишкек.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев “Бишкектин тарыхый борборун жаңылоо жана өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра чакыртып алды. Мындай маалымат «Ата Мекен” партиясынын Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды. Анда Текебаев Бишкектин тарыхый борборун заманбап шарттарга ылайык келтирүү боюнча мыйзам долбоору коомдо бир катар талкууларды жаратканын белгилеген.

Шаар тургундарынын күмөн суроолорун, тынчсыздануусун жана буга чейин шаарды масштабдуу жаңылоо тажрыйбасынын жоктугун эске алуу менен Текебаев мыйзам долбоорун артка чакыртып алган.

Текебаев пландуу бир багыт жок болгондуктан башкалаа башаламан өнүгүп жатканын, жер натыйжалуу пайдаланылбай, башкы план боюнча ири комплекстер курула турган жерлерде майда-чүйдө үйлөр салынып, талаптар аткарылбай жатканын айтууда.

Мындан улам ал борбордун архитектуралык көрүнүшүн оңдоону сунуштап чыккан. Бишкек шаарындагы тарыхый борбор деп аталган жердин аянты 1,5 миң гектар. Аталган мыйзам долбоор ушул тарыхый аймакты жаңылоого багытталган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG