Линктер

Президент Алмазбек Атамбаев 25-июлда кол койгон мыйзам ички мигранттарды 5 күндүн ичинде каттоого турууга милдеттендирет. Жаңы жерге каттоо бир жылга чейинки мөөнөткө коюлат. Мында ички мигрант туруктуу катталган жериндеги каттоодон чыгуусу шарт эмес.

Мыйзамга ылайык, өлкөнүн ичинде жер которгон жаран ал жерде 45 күндөн ашуун убакытка кала турган болсо, 5 жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү каттоо кызматына кайрылуусу керек. Ошондой эле, мигрантка турак-жай берүүчү үйдүн ээси анын мыйзамдуу түрдө каттоого туруусуна көмөктөшүүсү милдеттендирилген.

Президенттин басма сөз кызматынын билдиргени боюнча, бул мыйзам ички миграцияны жөндөөгө шарт түзөт.(ZKo)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG