Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Президент Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алып жатып билдирди. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Исраилов коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо жана мамлекеттик бийлик жана башкаруу системасында коррупция менен күрөшүү боюнча маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы чараларды өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аёосуз күрөштү улантуу зарылдыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде эң негизги пландарынын бири катары коррупцияга каршы күрөштү атаган. Бул жаатта Антикоррупциялык кызмат түзүлгөн. Бирок акыркы учурда бул күрөштүн солгундап кеткени сындалып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG