Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Түркия Ооганстанда кызмат өтөгөн генералдарын кармады


Генерал-майор Мехмет Бакир.
Генерал-майор Мехмет Бакир.

Түрк маалымат каражаттарынын ырасташынча, 26-июлда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубайдагы эл аралык аба майданында генерал-майор Мехмет Бакир жана бригадалык генерал Шенер Топук кармалды. Алар 15-июлдагы ишке ашпай калган аскерий көңтөрүшкө катышкан деп шектелүүдө.

Мехмет Бакир Түркиянын Ооганстандагы аскерий тобунун, ал эми Топук Түркиянын жөө аскерлеринин дайындоо боюнча бөлүмүнүн башчысы болгон. Анадолу маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, эки генералдын кармалышы Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынын кызматташуусуна байланыштуу ишке ашты. Алар 26-июлда Түркияга алып келинди.

НАТОнун Ооганстандагы өкүлү Түркия аскердик тобу өз миссиясын аткарып жатат деп билдирип, башка комментарий жасаган жок. (AiT)

XS
SM
MD
LG