Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Франсуа Олланд Кыргызстанга келүү ниетин билдирди


Франсуа Олланд
Франсуа Олланд

Бул тууралуу Франциянын президенти Кыргызстандын элчиси Асеин Исаевди кабыл алган учурда билдирген. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Айымкан Кулукееванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, элчи Олландга президент Атамбаевдин ишеним грамотасын тапшырган:

- Жолугушуунун аягында Франциянын президенти Кыргызстанды демократиянын үлгүсү катары атап, президент Атамбаевди аймакта өтө пайдалуу ролду аткарып жатат деп баалады. Франциянын президенти ошондой эле Кыргызстанга келүү ниетин да бекемдеп өттү.

Мындан тышкары Олланд Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий байланыштын күчөгөнүнө канааттануусун билдирип, француз компанияларынын Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруусуна кызыкдар экенин айтып өттү.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өткөн жылы жазында Европага жасаган иш сапарында Франциянын президенти Франсуа Олландды Кыргызстанга чакырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG