Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

БШК “Республика-Ата Журттун” жаңы депутатын каттады


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Болотбек Ибраимжановду “Республика-Ата Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады. Ибраимжановго депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Ал Орусиянын жарандыгын алып жүргөн деген жүйө менен мандаттан ажыратылган Жыргалбек Саматовдун ордуна депутат болду.

Ибраимжанов буга чейин да бир ирет депутат болуп катталып, бирок анда Саматов сот аркылуу өз мандатын кайтарып алган соң парламент мүчөлүгүнөн чыгарылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG