Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

WikiLeaks АКШ демократтарынын каттарын жарыялады


WikiLeaks АКШдагы Демократиялык партиянын улуттук комитетинен уурдалган 29 үн-катты жарыялады. Ал үн билдирүүлөрдө белгисиз партия мүчөлөрүнүн Берни Сандерс жана анын партиядагы орду тууралуу терс пикирлери жазылган.

Бул демократтардын Улуттук курултайынын экинчи күнүндө болууда. Анда Хиллари Клинтон расмий түрдө президенттикке талапкер деп табылган. Демократтардын каттары буга чейин да уурдалып, 19 миң электрондук кат жарыяланган. Эки окуяда тең маалымат хакердик чабуулдун негизинде алынган.

Сандерс президенттикке талапкер болууга умтулгандардын бири болчу. Курултайдан аз мурда праймеризден Клинтон утканын айтып, ага ийгилик каалаган.

Клинтондун шайлоо кампаниясынын менеджери Робби Мук документтердин ашкереленип кетишин “орустардын Дональд Трампка жардам берүү максатында” жасалган иш деди.

АКШ атайын кызматы да демократтардын катын аңдуунун артында орусиялыктар турат деген ойду карманууда. WikiLeaks негиздөөчүсү муну четке кагат.

XS
SM
MD
LG