Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Түрк министри: Кыргызстанга “гүленчилер” коркунуч жаратууда


Мевлют Чавушоглу.
Мевлют Чавушоглу.

Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу СNN Тurk каналына маегинде билдирди. Министр Кыргызстанда төңкөрүш болсо Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери уюштурушу мүмкүн деген болжолун кайталады:

-Кыргызстанда бир төңкөрүш ишке ашса, Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери ишке ашырат. Алар бул өлкөдө мамлекеттик органдарга кирип кетиптир. Биз телефон чалып, тиешелүү органдарга билдирдик. Кыргызстанда буга чейин бир нече төңкөрүштөр орун алды. Акыркы беш жылда эки жолу парламентке, эки жолу президенттик шайлоо болду. Туруктуу мезгилге өтүп баратышат. Бирок учурда Кыргызстанда негизги коркунуч “гүленчилердин” иш алпарганы, - деди Чавушоглу.

Түркияда 15-июль түнү аскердик төңкөрүш жасоо аракети башталып, аны расмий бийлик АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери жасады деп айыптоодо.

Мындан соң Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу “гүленчидердин” Кыргызстанда тамыр жайганын билдирип, кыргыз бийликтерин аларга каршы чара көрүүгө чакырган.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Чавушоглунун билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп атап, “Себат” мекемелери боюнча чечимди өзү кабыл аларын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG