Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Өлкөдө экспорттун көлөмү кыскарды

Быйылкы жылдын беш айында Кыргызстанда экспорттун көлөмү азайды. Бул тууралуу бүгүнкү өкмөт жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын маалыматы боюнча, 2015-жылдын январь-май айына салыштырып алганда, экспорт 29,3 пайызга, импорт 8,2 пайызга кыскарган.

Ошондой эле өлкөдө бюджетке салыктарды чогултуу 6 пайызга азайган.

Буга байланыштуу Жээнбеков тиешелүү органдардан бул багытта иштерди жакшыртууну талап кылды. Премьер ички жана тышкы тобокелдиктерди эске алуу менен макроэкономикалык кырдаалды турукташтыруу зарылдыгын билдирди. (BkA)

​
XS
SM
MD
LG