Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Жогорку Сот апрель соту боюнча чечимин чыгарат


Жогорку Соттун соттук коллегиясы 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча өкүмүн чыгаруу үчүн кеңешүүгө кирди. Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн түшкө чейин тараптардын жарыш сөзү аяктады.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында ошол кездеги бийликке каршы чыккан 90дой адам окко учкан. Бул үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган айрым аткаминерлер сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген.

Ал эми мурдагы мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов жана УКМКнын “Альфа” атайын тобунун мурунку командири Алмаз Жолдошалиев 10 жылга соттолгон. Ушул айдын башында Аскер соту аларга тергөө абагында 2010-жылдан бери өтөгөн жаза мөөнөтүн эске алып, мунапыс жарыялаган.

Бирок бул чечимге байланыштуу жабыркаган тарап Жогорку Сотко кайрылгандыктан, алар бошотула элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG