Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:50

Жогорку Сот Бакиевдин өкүмүн жеңилдетти


Жогорку Соттун соттук коллегиясы 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча өкүмүн чыгарды. Жогорку Соттун төрага орун басары Качыке Эсеканов жетектеген коллегия апрель ыңкылабынан соң бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевге карата Республикалык Аскер сотунун өкүмүн өзгөртүп, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуудан 30 жылга кесүү боюнча алмаштырды.

Ошондой эле мурдагы мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловго карата Адам укугу боюнча конвенциянын 65 жылдыгына карата жарыяланган мунапысты колдонуу делген сот өкүмүн жокко чыгарды.

Ал эми калган өкүмдөр өзгөрүүсүз калды.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында ошол кездеги бийликке каршы чыккан 90дой адам окко учкан. Бул үчүн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган айрым аткаминерлер сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген.

Ал эми мурдагы мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов жана УКМКнын “Альфа” атайын тобунун мурунку командири Алмаз Жолдошалиев 10 жылга соттолгон. Ушул айдын башында Аскер соту аларга тергөө абагында 2010-жылдан бери өтөгөн жаза мөөнөтүн эске алып, мунапыс жарыялаган.

Бирок бул чечимге байланыштуу жабыркаган тарап Жогорку Сотко кайрылгандыктан, алар бошотула элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG