Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

АКШнын Демпартиясына кайрадан кибер чабуул жасалды


Бул жолу хакерлер Хиллари Клинтондун шайлоо штабын бутага алышкан. Андагы компьютерлер системасы бузулган. АКШ күч кызматтары бул жолу да мунун артында орусиялык чалгын кызматтары турат деп билдиришүүдө.

Клинтондун штабы хакерлер добуш берүү тууралуу аналитикалык программаны талкалашканын маалымдады. Клинтондун штабына болгон киберчабуул тууралуу жума күнү маалым болгон. Ага чейин ФБР Демократиялык партиянын конгрессине шайлоо боюнча комитетке жасалган киберчабуул иликтенип жатканын кабарлаган болчу.

Айрым маалыматтар боюнча чабуулга Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгы менен байланышы бар Fancy Bear же "Модный медведь" деп аталган хакердик топтун тиешеси бар. Ушул эле топ Демократиялык партиянын кызматтык кат алышууларына жасалган кибер чабуулга да шектелип жаткан.

Демократтар компьютердик чабуулдар Кремлдин АКШдагы президенттик шайлоого аралашуу аракетинин күбөсү болушу ыктымалдыгын айтышууда.

XS
SM
MD
LG