Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

“Элдик парламенттин” дагы бир мүчөсү кармалды


УКМКнын маалыматы боюнча, аталган уюмдун жетекчилеринин үстүнөн козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында алардын дагы бир шериги кармалган.

Т.К. аттуу деп, аты ачык айтылбаган адам коопсуздук кызматынын убактылуу тергөө абагына камалган. Ал “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” жана “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык көргөн” деген беренелер боюнча шектелүүдө.

12-майда "Элдик парламент" оппозициялык уюмунун жетекчилери делген саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов "бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылган" деген айып менен камакка алынган. Алар президент Алмазбек Атамбаевди бийликтен кетиши керек деп чыгышкан.

14-майда президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG