Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:01

ИМ тобу Орусияны “жихад” менен коркутту


Франция. Соңку апталарда экстремисттик топ Европа өлкөлөрүндө болгон бир катар кандуу калабалар үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган.

Франция. Соңку апталарда экстремисттик топ Европа өлкөлөрүндө болгон бир катар кандуу калабалар үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Орусияда “жихад” жасоого чакырган тасмасы интернетке тарады. “Рейтерс” агенттиги билдиргендей, интернетте жарыяланган тогуз мүнөттүк видеодо топтун мүчөлөрү Орусияга каршы чабуулдар болорун убада кылган. Видеонун чын-төгүнү тастыктала электигин жазат агенттик.

31-июлда YouTube сайтында пайда болгон видеодо беткапчан адам “Путин, угуп кой, биз Орусияга барып өз үйлөрүңөрдө силерди өлтүрөбүз” деп айтат. Болжол менен видео Ирактын батышындагы Анбар провинциясынын Акашат шаарында тартылган.

Соңку апталарда экстремисттик топ Европа өлкөлөрүндө болгон бир катар кандуу калабалар үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган. Өткөн аптада топтун мүчөлөрү Францияда чиркөөгө кирип барып, 84 жаштагы дин кызматкерин мууздап салышкан.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG