Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Жарандык коом бийликти Конституцияны өзгөртүүдөн баш тартууга чакырат


Жарандык активисттердин иш-чарасы.

Жарандык активисттердин иш-чарасы.

Бишкектеги Сөз эркиндигин коргоо комитетинде бүгүн «Конституция. Кайда баратабыз?» деп аталган талкуу өтөт. Ага Жогорку Кеңеш депутаттары, саясатчылар, эксперттер, коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер чакырылган. Уюштуруучулардын бири Равшан Жээнбековдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, жыйында Конституцияны өзгөртүүдөн баш тартууга бийликке чакырык ташталат. Жарандык активисттер Баш мыйзам 2020-жылдын сентябрь айына чейин өзгөртүлбөйт, деген чечимди аткарууну сунушташат.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун өз ара макулдашкан. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен референдумду күзүндө өткөрүү мерчемделип жатканын маалымдаган. 29-июлда аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлду. Жарандык активисттер бул демилге бийликти узурпациялоого алып келет деп кооптонуп жатышат. Алар социалдык тармактарда Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтоодо. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG