Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Бишкекте Конституцияны өзгөртүүгө каршы жыйын өтүүдө


Жарандык активисттердин нааразылыгы.
Жарандык активисттердин нааразылыгы.

Бишкектеги Сөз эркиндигин коргоо комитетинде «Конституция. Кайда баратабыз?» деген аталышта бүгүн талкуу өтүп жатат. Уюштуруучулар кабарлашкадай, жыйында Баш мыйзамды өзгөртүүдөн баш тартууга бийликке чакырык ташталат. Жарандык активисттер Баш мыйзам 2020-жылдын сентябрь айына чейин өзгөртүлбөйт, деген чечимди аткарууну сунушташмакчы.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун өз ара макулдашкан. Референдум өткөрүү күзгө мерчемделген. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Жарандык активисттер бул демилге бийликти узурпациялоого алып келет деп кооптонуп жатышат. Алар социалдык тармактарда Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтоодо.

Бүгүнкү талкууга саясий партиялардын жетекчилери, укук коргоочулар жана депутаттар катышууда.

XS
SM
MD
LG