Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Эрлан Абдылдаев С5+1 саммитине катышуу үчүн Вашингтонго учуп кетти


Эрлан Абдылдаев.
Эрлан Абдылдаев.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Борбор Азиянын башкы дипломаттарынын С5+1 деп аталган саммитине катышуу үчүн Вашингтонго бүгүн учуп кетти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Максат Жуманбеков билдирди.

3-июлда Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери АКШнын мамлекеттик катчысынын аталган чөлкөмдөгү маселелер боюнча орунбасары Дэниел Розенблюм менен бирге аймактагы көйгөйлөрдү талкуулашат жана мындан аркы кызматташуу боюнча пикир алмашат.

Розенблюм өткөн аптада Бишкектеги журналисттер менен телефон аркылуу басма сөз жыйынын өткөрүп, С5+1 саммитинде адам укуктары жаатында бир катар маселелер козголорун билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG