Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Жакупова: депутаттарды кысмакка алып Конституцияны өзгөртүүгө кол чогултушууда


Жарандык активисттердин пикети.
Жарандык активисттердин пикети.

Жогорку Кеңештеги бир катар депутаттарды кысымга алышып Конституцияны өзгөртүүгө кол чогултуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги “Конституция. Кайда баратабыз?” деген талкууда депутат Чолпон Жакупова билдирди.

- Депутаттардын көбү өз алдынча чечим чыгара албайт. Алар бирөөлөрдүн “кайырмагына илинишкен”. Биз ушундай системаны жаратып алдык. Ошондуктан биринчи кезекте коомдук пикирди жаратуу керек. Конституцияны өзгөртүү менен биз кайда баратканыбызды элге түшүндүрүү зарыл. Биз артка, авторитардык, бейстабилдүү доорго баратканыбызды айтышыбыз кажет.

Конституцияны өзгөртүүгө каршы талкууну Бишкектеги Сөз эркиндигин коргоо комитети уюштурду. Ага саясатчылар жана жарандык активисттер, коомдук ишмерлер катышты. Жыйынга келген юристтер Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн тартиби бузулуп жатканын билдиришип, бул үчүн конституциялык кенешме түзүлүп, талкууланышы зарылдыгын белгилешти.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун өз ара макулдашкан. Референдум өткөрүү күзгө мерчемделген. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Социалдык тармактарда Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтолууда. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG