Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Өзбекстан, Казакстан атайын жабдууларды жарандык коомго каршы колдонууда


Борбор Азиядагы авторитардык режимдер Батыштын тартип коргоо органдары колдонгон жабдууларды башкача ойлонгон жарандардын электрондук почтасын сындырып, алынган маалыматтардын негизинде аларды куугунтуктоо үчүн колдонуп жатканы 2-августта маалымат каражаттарында жазылды. Verint жана Nice Sistem сыяктуу компаниялар жалпыга байкоо жүргүзүүчү жабдууларды 2000-жылдардын башында эле Өзбекстан менен Казакстандын атайын кызматтарына сатканын Ассошейтед пресс маалымдады. Бул жабдууларды пайдалануу менен Өзбекстандын атайын кызматтары электрондук кат же телефон аркылуу купуя сүйлөшүүлөрдү, блогерлерди аныктап алууда. “Бийликтин башкы куралы коркутуу” дейт Швецияда баш калкалаган өзбекстандык Тулкин Караев.

“Сөз эркиндиги, эркин ой айтуу-баары тыюу салынган, акыркы жыйырма жылдын ичинде репрессивдик режимди сактоо үчүн миңдеген адамдар абакка салынды”, деп жазды "Хьюман райтс уотч" уюму өткөн жылкы баяндамасында. (AiT)

XS
SM
MD
LG