Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Түндүк Корея баллистикалык ракеталарын сынады


Түндүк Кореядан атылган ракеталар Жапониянын сууларына келип түшкөн. Жапония ракеталар өлкөнүн экономикалык аймагына келип түшкөнүн кабарлады. Премьер-министр Синдзо Абэ атууну “олуттуу коркунуч” жана “ачууну келтирген акт” деп атады. 3-августта эртең менен атылган орто аралыктагы Нодон тибиндеги ракета 620 милль же 1000 чакырымдай учуп барып, Жапон деңизине түшкөн.

Түштүк Кореянын аскерий жетекчилиги ракетанын атылышы Түндүк Кореянын кошуналарына түз жана масштабдуу кол салуу амбициясын билдирет деди. АКШнын стратегиялык командачылыгы эки ракета атылганын, анын бири дароо жарылып кеткенин кабарлады. “Биз өзүбүздү жана союздаштарыбызды чабуул жана чагымдан коргоого даярбыз” деп билдирди АКШнын мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Анна Ричей-Аллен. Ал ошондой эле бул маселе БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунушталарын кошумчалады. (AiT)

XS
SM
MD
LG