Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Түркия Пакистандан Гүлен менен байланышкан окуу жайларды жабууну өтүндү


Фетхуллах Гүлен
Фетхуллах Гүлен

Пакистандын тышкы иштер министри Сартай Азиз Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен 2-августтагы жолугушууда мектептерди жабууга убада берген эмес. Пакистан ал мектептерди иликтеп көрөрүн билдирди. Өз кезегинде түрк министри Чавушоглу Фетхуллах Гүлендин диний агымы менен байланышкан мектептер жабыларына үмүтүн билдирип, Гүлендин кыймылын “террордук” деп атаган. Түрк бийлиги Гүлен жана анын тарапкерлерин 15-июлдагы төңкөрүш боюнча айыптоодо. Гүлен өз кезегинде аны четке каккан. Аскерий төңкөрүш аракети учурунда 230дан көп адам өлгөн.

Пакистанда Гүленге таандык уюмдун карамагындагы 25 мектепте жана колледжде 11 миңдей окуучу, студент билим алат. Ал окуу жайларда 900 пакистандык эмгектенет. Гүлендин мектептери дүйнөдөгү 160 өлкөдө бар. Ал мектептер Кыргызстанда да бар. Кыргыз бийлиги аларды жабуу тууралуу Түркиянын талабына каршылык билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG