Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Атамбаев Обаманы туулган күнү менен куттуктады


Барак Обама.
Барак Обама.

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ мамлекет башчысы Барак Обаманы туулган күнү менен куттуктады.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаевдин куттуктоосунда Бишкек Вашингтон менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экени айтылат.

«Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Кыргыз Республикасынын өз ара пайдалуу кызыкчылыктарга жооп берген багыттардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилөө менен, Сизге бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми АКШ элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», - деп жазылат катта.

Барак Обама 4-августта төрөлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG