Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий гимни чыкты


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий гимни жарыяланды. Уюштуруу катчылыгы “Азаттык” радиосуна билдиргендей, гимн 2014-жылы өткөн I Көчмөндөр оюндарына арналып жазылган, бирок каражат тартыштыгынан даярдалбай калган.

Фольколордук жанрда даярдалган гимнди 8 аткаруучу ырдайт. Алар: Ырыскелди Осмонкулов, Гүлнара Тойгонбаева, Эмил Кенжегулов, Адил Чекилов, Гүлзада Рыскулова, Кайрат Примбердиев, Жийдеш, Нурайым Азыкбаева жана Темир Назаров.

Гимндин текстин Уланбек Абдырахманов, обонун Эмил Кенжегулов жазган. Музыканы “Хан-Теңир” фольклор ансамбли ойногон.

II Эл аралык көчмөндөр оюну 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Ага 29 мамлекеттен спортчулар катышат. (SE)

XS
SM
MD
LG