Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:45

Тажикстандын Башкы прокурору: Өлүм жазасын кайтаруу керек


Тажикстандын Башкы прокурору Юсуф Рахмон
Тажикстандын Башкы прокурору Юсуф Рахмон

Тажикстандын Башкы прокурору Юсуф Рахмон өлкөдө өлүм жазасын кайрадан киргизүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Душанбе шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

- Мен муну туура деп эсептейм. Ооба, биз өлүм жазасына мораторий киргизгенбиз. Бирок Башкы прокурор катары мындай чараны колдойм. Айрыкча өзгөчө мыкаачы кылмышкерлер, бир нече адамды өлтүргөндөр, террордук акт уюштургандар, мамлекетке каршы кылмыш жасагандар жана таптакыр оңолбогондорго карата мындай жаза керек, - деди Юсуф Рахмон.

Тажикстанда өлүм жазасына 2004-жылы тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG