Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Киев Орусиядан элчи кабыл алууга каршы чыкты


Михаил Бабич
Михаил Бабич

Украина Орусиядан элчи кабыл алууга каршылык билдирүүдө. Украин өкмөтү өлкөнүн чыгышында кырдаал жөнгө салынмайынча орус элчисин дайындоого макулдук берүү мүмкүн эмес деп эсептейт.

- Орусиянын жаңы элчисин дайындоо маселеси азырынча украин тараптын демилгеси менен күн тартибинен алынып салынды, - деп билдирди 3-августта Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Елена Зеркаль.

Дипломаттын айтымында, элчинин жоктугу эки тараптуу мамилеге азырынча эч кандай таасир тийгизбейт.

Буга чейин Орусия Украина бийлигине кайрылып, Михаил Бабичти элчи кылып жөнөтүүгө уруксат сурап кайрылган болчу. Бирок бул талапкер Украинада катуу сынга кабылды.

Жогорку Раданын депутаты Владимир Арьев "Орусиянын Украинага карата агрессиясы токтобой жаткан чакта" анын элчисин кабыл алуу мүмкүн эмес деген пикирин айтса, айрым эксперттер таржымалы советтик КГБ жана орусиялык ФСБ менен байланышта болгон Бабич "кесипкөй диверсант" деп жазып чыгышкан.

Михаил Бабич учурда орус президентинин Приволжье федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштейт.

Буга чейин элчиликти жети жыл башкарган Михаил Зурабов өткөн аптада кызматтан алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG