Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Ысык-Көл: орусиялык турист менен жергиликтүү тургундар элдешти


Туристтен акча доолаган өспүрүм.
Туристтен акча доолаган өспүрүм.

Чолпон-Ата шаарында араздашкан тараптар 4-августта элдешти. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, эки тарап тең бири-бирине дооматы жоктугу тууралуу арыз жазып беришти.

30-июлда Чолпон-Атанын борбордук базарынын алдында Орусиянын жараны Константин Стасенко автоунаа токтотуучу жайдын акысын ал жерде иштеген жергиликтүү жашы жете элек балага төлөп бүтүп, анын бутун байкабастан тебелеп алган. Буга ыза болгон бала орусиялыктын автоунаасын таш менен уруп, арткы терезесин сындырып салган. Натыйжада чыр чыгып, эки тарап тең милицияга арыз менен кайрылган. Милиция окуянын чоо-жайын териштирүүгө киришкен. Араздашкандар өз ара мунаса тапкан соң иликтөө иши токтотулду. (NT)

XS
SM
MD
LG