Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Токтогулда митингге чыккандар менен райакимчиликтин өкүлдөрү жолугушууда


Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кенди казууга нааразы болуп, жол тосууга чыккан тургундар менен акимчиликтин өкүлдөрү келип сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Нааразылык эртең менен башталган. Жашоочулар “Кассана Минералс” компаниясынын техникаларынын жолдон өткөрбөй коюшкан.

Жергиликтүү тургундар эгер кен казуу башталса, аймактагы уран калдыктары ачылып, кооптуу кырдаал жараларын белгилешүүдө. Мындай нааразылыктар буга чейин да болгон.

"Кассана Минералс" ишканасынан жана жергиликтүү бийликтен комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Райондогу алтын кенин иштетүүгө 2009-жылы “Спектр” компаниясы уруксат алып, кийинчерээк лицензияны “Кассана Минералс” фирмасына саткан. (SE)

XS
SM
MD
LG